Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 12:39
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрь иш күнү болуп калышы мүмкүн. Эмгек кодексине кандай өзгөртүүлөр киргизилет?

17.04.2024 15:55
218
23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрь иш күнү болуп калышы мүмкүн. Эмгек кодексине кандай өзгөртүүлөр киргизилет?


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен Эмгек кодексине кандай өзгөртүүлөр киргизилип жатканын айтып беришти

Министрликтен белгилешкендей, жаңы Эмгек кодекси Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн демилгеси менен көтөрүлгөн.

Кодекстин долбоору мамлекеттик органдардын, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын, Эл аралык эмгек уюмунун жана иш берүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрүнүн түздөн-түз катышуусунда иштелип чыккан.

Кодексте төмөнкүдөй жаңы киргизүүлөр каралган:

Негизги жаңы киргизүүлөр:

  • иш берүүчү тарабынан эмгек акыны, эмгек өргүүнү, бошотулганда жана башка төлөмдөрдүн төлөөнүн мөөнөтү бузулган учурда айыптык ставканын бирдиктүү пайызы белгиленди (0,25 %);
  • эмгек акыны өндүрүү боюнча талаш-тартыштардын эскирүү мөөнөтү белгиленди (3 жыл);
  • мөөнөтү өткөн сумманы төлөөдө пайыздык чендин чеги алынып салынды;
  • кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө кесиптик стандарттардын негизинде аткарылуучу иштин санына, сапатына жана татаалдыгына жараша аныкталат;
  • кызматкерлерге эмгек акы төлөөдө эмгекке акы төлөөнүн төмөнкүдөй негизги түрлөрү колдонулат – бул убакыт, саат, бөлүк;
  • эмгек акы төлөөнүн минималдуу өлчөмү аны эмгекке жарамдуу адамдын жашоо минимумунун чоңдугуна чейин этап-этабы менен жогорулатуу принциби менен бир эле учурда Кыргызстандын бүткүл аймагында тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө КР Мыйзамы менен квалификациялуу эмес эмгек үчүн белгиленет;
  • санариптештирүүнүн алкагында эмгек келишиминин, эмгек мамилелеринин түзүү шарттары жөнөкөйлөштүрүлдү (эмгек ченемдерин камтыган локалдык ченемдик укуктук актыларды электрондук түзүү; электрондук эмгек китепчесин жүргүзүү);
  • тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишиминде аралыктан иштөө менен бирге айкалышкан аралыктан иштөө да белгилениши мүмкүн;
  • жаңы түшүнүктөр менен толукталды (айкалышкан аралыктан иштөө, квалификациялардын улуттук алкагы, квалификациялардын улуттук системасы, кесиптик стандарт, дуалдык окутуу ж. б.);

Кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында бир катар жумуш эмес майрам күндөрү кайра каралып чыгып жана бекитилди:

– Кыргызстанда мамлекеттик майрам күндөрү (23-февраль (Мекенди коргоочулардын күнү), 7-апрель (Элдик Апрель революциясынын күнү), 7-8-ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү);

– жумуш эмес майрам күндөрү (8-март, 21-март, 5-май, 9-май жана 31-август);

– жаңы жылдык каникулдар ( 1, 2, 3, 4, 5, 6-январь);

– май каникулдары (1, 2, 3, 4, 6, 7, 8-май);

– дем алыш күндөрүн которуунун ченеми жокко чыгарылды;

– мамлекеттик кызматкерлердин эмгек мамилелеринин маселелери жөнгө салынган (эмгек келишимин бузуу; жекече эмгек талаш-тартыштары);

– эмгек ишмердүүлүгүн тандоодо басмырлоочу көрүнүштөрдү жоюу максатында оор жумуштарда жана эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу жумуштарда кош бойлуу аялдардын, көкүрөктө балдары бар (эмчек эмизген) аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салуучу чаралар белгиленген;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча иш-чаралар белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн