23-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 15 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 3;
Чүй облусунда – 1;
Ош облусунда - 1;
Жалал-Абад облусунда – 1;
Санкт-Петербургдан келгендер - 9.
Муну менен республика боюнча жалпы 1365 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 8 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 957 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн