Бугу 13, 2025
Убакыт: 03:02
USD
87.30
87.80
EUR
97.00
98.00
RUB
1.045
1.100

23 жаштагы Ысмайыл өзү инкубатор жасап, бөдөнө өндүрөт (видео)

23.03.2021 09:24
727
23 жаштагы Ысмайыл өзү инкубатор жасап, бөдөнө өндүрөт (видео)


Жаш жеке ишкер, ойлоп табуучу Ысмайыл өзгөчө ыкма менен инкубатор аппаратын жасап көрүүчүлөрдү таң калдырууда. Үй шартында өзүнүн колунан жасалган инкубатордон бөдөнө өстүрүп чыгып, алардын санын көбөйтүү менен алектенип жатканын Ютубдагы Tez Kabar каналы аркылуу айтып берди.


23 жаштагы Ысмайыл инженердик, чарбачылык иштерге кызыккандыктан ушул кесипти аркалап, иш баштап жатканын айтат. “Адамда эң биринчи акчага эмес, ишке болгон кызуу болуш керек”, - дейт ал.


Бөдөнөнү өндүрүп чыгаруу үчүн анын жумурткасын инкубатордо 21 күн тикесинен коюу керек. Балапан чыга турганга бир күн калганда жумуртканы тескерисинен оодарып коюу зарыл.


Бир эле инкубаторго 170 жумуртка батат. Колго жасалган инкубатор заводдукуна караганда натыйжалуу болот. Бир аппарат бир айда 20 сомдук гана электр тогун сарптайт. Өтө дыкат ойлонулуп чыгарылган”, - дейт Ысмайыл.


Ал өзү колдонуудан тышкары да инкубатор аппараттарын сатуу менен бизнес кылат. Бөдөнө, тоок багабыз деген фермерлерге баасын 4-5,5 миң сомдон өткөрөт.  





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн