Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:14
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

24-июнь: COVID-19дун жаңы 207 учуру катталып, 28 бейтап сакайды

24.06.2020 10:02
1093
24-июнь: COVID-19дун жаңы 207 учуру катталып, 28 бейтап сакайды


24-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 207 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

 


Жаңы учурлар:


Бишкек шаары – 92;

Ош шаары - 43;

Чүй облусунда - 35;

Ош облусу - 28;

Талас облусунда - 1;

Жалал-Абад облусунда - 1;

Нарын облусунда - 5;

Ысык-Көл облусунда - 2.



Муну менен республика боюнча жалпы 3726 учур катталды.

 

Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 28 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 2082 адамга жетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн