Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 119 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
Жаңы 119 учурдун 48и коронавирус инфекциясы жана 71 учуру пневмония.
Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдардын жалпы саны 43 245ти түздү.
Ал эми өлкө боюнча жалпы бир сутка ичинде 310 бейтап айыгып чыкты. Муну менен коронавирус инфекциясынан сакайгандардын жалпы саны 36 925ке жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн