Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:54
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

25-май: COVID-19дун жаңы 30 учуру катталып, 12 бейтап сакайды

25.05.2020 10:02
1147
25-май: COVID-19дун жаңы 30 учуру катталып, 12 бейтап сакайды

 

25-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 30 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

 

Жаңы учурлар:


Бишкек шаарында – 9;

Баткен облусунда – 1;

Чүй облусунда - 1;

Ош облусунда - 1;

Ош шаарында - 3;

Жалал-Абад облусунда – 2;

Нарын облусунда - 5;

Россиядан келгендерден - 8. 

 

Муну менен республика боюнча жалпы 1433 учур катталды.

 

Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 12 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 992 адамга жетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн