Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 02:26
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

25-майдан тарта фитнес-клубдар иштеп баштайт

21.05.2020 15:01
1302
25-майдан тарта фитнес-клубдар иштеп баштайт


25-майдан баштап спорт залдар, машыгуу залдары, фитнес-клубдар жана бассейндер ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, санитардык-гигиеналык эрежелердин талаптарын сактоо менен ишин баштайт. Имаратты дезинфекциялоо, администрациянын жана тейлөө персоналы үчүн беткап-колкап тагынуу тартиби, ар бир кардар үчүн санитайзерлерди жана антисептиктерди орнотуу, санитардык аралыкты сактоо үчүн имараттын ичинде жана шаймандардын ортосунда сызык белгилерин көрсөтүү талаптары коюлган.

Байланыш боло турган командалык, жамааттык спорттун түрлөрү боюнча спорттук борборлорго иштөөгө тыюу салынган (футбол, күрөш, бокс, жекеме-жеке күрөштөр, баскетбол ж.б.).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн