Бугу 09, 2024
Убакыт: 09:26
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

25 миң кишилик стадиондун курулушу быйыл башталат

24.05.2023 10:14
269
25 миң кишилик стадиондун курулушу быйыл башталат

Бишкектин жанында жаңы стадиондун курулушу быйыл башталат. Бул тууралуу журналисттерге Кыргызстандын футбол союзунун (КФС) президенти Медербек Сыдыков билдирди.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө бөлүнгөн участоктун документтерин тариздөө процедуралары аяктап жатат. Буга чейин министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл аймагындагы стадионго 20,78 гектар жер бөлүнгөнүн билдирген.


"Стандиондун орду буга чейин эле аныкталган. Ал Ороктогу ТЭЦ-2ге жакын жерде курулат. Учурда аталган тилкени трансформациялоо жана документтерди тариздөө боюнча процедуралар жүрүп жатат. Президент курулушка бюджеттен акча бөлөөрүн айтты. Джанни Инфантино менен жолугушууда быйыл сөзсүз баштайбыз деди. Бул өкмөттүн долбоору. Бирок, ага катар эле инвестор издөө иштери жүрүп жатат", - деди Сыдыков.


КФС жетекчиси долбоор боюнча стадион 22-25 миң кишиге ылайыкташа турганын билдирди. Аны долбоорлоодо анын аймагында соода объектилерин: мейманканаларды, дүкөндөрдү, ресторандарды, концерттик залдарды жана башкаларды жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү эске алынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн