Аламүдүн жана Ысык-Ата районун экономикалык кылмыштуулукк каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматкерлери жана Мамлекеттик чек ара кызматкерлери менен бирге Кыргызстандан "Ак-Тилек - Автодорожный" өткөрмө бекети аркылуу Казакстанга мыйзамсыз телефон өткөрүү фактысы боюнча Lexus-470 үлгүсүндөгү автоунаа кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.
Автоунаада жалпы суммасы 25 млн сомдук кымбат баалуу телефондор болгон.
Автоунаадан табылган телефондор маркасы: Айфон 12, Айфон 11, Айфон 10, Айфон 7, Айфон 6, Айфон SE, айфон ручкасы, айфон наушниктери, Самсунг Z, Редми 9, Поко Х9 - 20 даана
Бул боюнча кылмыш иши козголуп бирдиктүү реестрге катталып, тергөө амалдары башталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн