Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:52
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

25 жаштагы аскер кызматкерин мас абалында сүзүп өлтүргөн жаран соттон акталды

31.12.2021 20:16
1528
25 жаштагы аскер кызматкерин мас абалында сүзүп өлтүргөн жаран соттон акталды

Бүгүн, 31-декабрда Жалал-Абад шаардык соту 25 жаштагы аскер кызматкерин мас абалында сүзүп өлтүргөн жаранды актаган чечим чыгарды. Бул тууралуу кырсыктан каза болгон Избасаров Белектин бир тууганы билдирди.


Анын айтымында, сот бир нече укук бузуулар менен адилетсиз өкүм чыгарды. Анткен айыпталуучу ошол эле күнү башка унааны да сүзгөн.


Жол кырсыгынан каза болгон Избасаров Белектин бир тууганы редакциябызга окуянын чоо-жайын айтып берди.


2021-жылдын 14-майынан 15-майына караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өлүм менен коштолгон жол кырсыгы катталат.


Түнкү саат 00:30дар чамасында башкы жолдо келе жаткан Избасаров Белек "ДЭУ Матиз" үлгүсүндөгү унаа менен Жалал-Абад облусуна кызматын улантуу үчүн  келе жаткан.


Башкы жолдо келе жатканына карабастан эки көчөнүн кесилишинде Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны мас абалда башкарып келе жаткан Мелибаев Азамжон "Матиз" унаасын сүзөт.


Кырсыктан шок абалына түшкөн Белек "суу, суу" деп, окуядан көп өтпөй каза болот.

Жол кырсыгы катталган жерге Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери келип кырсыкты каттоого алат. "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаанын башкаруучусу Мелибаев Азамжонго медициналык экспертиза дайындалат. Экспертиза анын мас абалында болгонун аныктайт. Мелибаев Жалал-Абад шаарынын тергөө абагына камалат. 


Иш сотко өткөндөн кийин бир нече жолу соттук отурумдар өтөт. Анда айыпталуучу өзүнүн көрсөтмөсүн өзгөртө баштайт.


Натыйжада бүгүн, 31-декабрда Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы М.Шерматов 25 жаштагы аскер кызматкеринин өлүмүнө себепчи болгон жаранды актаган чечим чыгарат.

Избасаров Белектин бир тууганынын айтымында, ал 28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда эмгек өргүүсүнө чыкканына карабастан, Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш аймагында курал кармап, мекенди коргогон.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Абдиллабек Авазов
Коррупция жыттанып турат, анүстүнө адилетсиз акталган кылмышкер мурда да 3-4 жолу соттолгондугу тууралу фактылар бар экен.