Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 13-декабрда 254 медициналык кызматкерге кенемте катары 18 млн 943 миң сом төлөп берди. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Анын ичинен Бишкекте 130 медикке 10 млн 78 миң сом;
Жалал-Абад облусунда 13 медикке 957 миң сом;
Нарын облусунда 3 медикке 184,5 миң сом;
Ош облусунда 18 медикке 1 млн 137 миң сом;
Чүй облусунда 38 медикке 3 млн 61 миң сом;
Талас облусунда 9 медикке 606 миң сом;
Ысык-Көл облусунда 37 медикке 2 млн 382 миң сом;
Баткен облусунда 6 медикке 537 миң сом төлөндү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн