Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 19:33
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

26 адам жоопкерчиликке тартылды. Сокулукта 43,2 га жерди мыйзамсыз сатып жиберишкен

28.08.2023 15:31
290
26 адам жоопкерчиликке тартылды. Сокулукта 43,2 га жерди мыйзамсыз сатып жиберишкен


Сокулук районунда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жергиликтүү бөлүмүнүн, архитектура жана айыл өкмөттүн кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Кармалгандар коррупцияга шектелип жатканы такталды.


"2011-жылдан бери Сокулук районундагы "Ак-Ордо" жаңы конушундагы эки кварталдын генпланына Кадастрдын райондук бөлүмүнүн кызматкерлери, архитектура жана айыл өкмөттөр атайылап туура эмес маалыматтарды киргизип келишкен. Аталган мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери 43,2 гектар жер тилкесин кошумча бөлүп беришкен. Ал жер кийинчерээк 614 жаранга турак жай куруу үчүн бөлүктөргө сатылган. Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 26 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, иш сотко өткөрүлдү», - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн