Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 113 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 26-августтагы брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында - 42
- Ош шаарында – 3
- Чүй облусунда – 8
- Ош облусунда - 12
- Талас облусунда - 1
- Нарын облусунда – 3
- Ысык-Көл облусунда – 16
- Жалал-Абад облусунда – 7
- Баткен облусунда - 21
Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдардын жалпы саны 43358ди түздү.
Ал эми өлкө боюнча жалпы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 292 адамды түздү. Айыгып чыккандардын жалпы саны 37 миң 217 учурду түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн