Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей 26-мартта Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт.
Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт.
26-27-мартта түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн