Бүгүн, 26-майга карата 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты жана коронавирус жуктурган жаңы 35 учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.
Айыгып чыккандар: Бишкек шаарында – 20, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 2.
Жаңы жуктургандар: Бишкек шаары – 12 жана 4 жаран Россиядан келген аскер кызматкерлеринен, Чүй облусу – 4 жана 3 мигрант Соль-Илецктен келгендер, Ош облусу – 4, Нарын облусу – 8.
Республика боюнча жалпы жуктуруп алгандар 1468ге жетти. Ал эми 1015 бейтап айыгып,
ооруканадан чыгарылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн