Бугу 15, 2024
Убакыт: 22:36
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

27-апрель: Комендатуранын талаптарын бузган 80 жаран кармалды

27.04.2020 09:11
1022
27-апрель: Комендатуранын талаптарын бузган 80 жаран кармалды



Бүгүн, 27-апрелге карата Кыргызстандын аймагында кечки саат 21:00дөн 6:00гө чейинки убакыттын ичинде коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузган 80 жаран кармалып, ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди жана 6 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

 

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын ичинен: Бишкек шаары – 66, Ош шаары - 1, Жалал-Абад шаары - 5, Сузак району - 2, Нарын шаары - 4, Ат-Башы району - 2. Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу боюнча тартип бузуулар катталган жок.

 

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3582 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн