Бүгүн, 27-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясын жуктурган жаңы 13 учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымында, жаңы катталган учурлар:
Бишкек
ш. – 6
Ош ш. – 1
Ош облусу - 1
Чуй облусу – 2
Нарын облусу - 1
Ысык-Көл облусу - 2
Муну менен өлкөдө жалпы коронавирус илдетиине чалдыккандардын саны 695ке жетти.
Бүгүнкү күндө 1044 адам обсервацияда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн