Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 101 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 27-августтагы брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында - 32
- Ош шаарында – 1
- Чүй облусунда – 7
- Ош облусунда - 10
- Талас облусунда - 4
- Нарын облусунда – 5
- Ысык-Көл облусунда – 18
- Жалал-Абад облусунда – 16
- Баткен облусунда - 8
Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдардын жалпы саны 43459ду түздү.
Ал эми өлкө боюнча жалпы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 275 адамды түздү. Айыгып чыккандардын жалпы саны 37 миң 492 учурду түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн