27-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 52 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 9;
Баткен облусунда – 1;
Чүй облусунда - 3;
Ош облусунда - 2;
Ош шаарында - 7;
Жалал-Абад облусунда – 3;
Нарын облусунда - 17;
Оренбургдан келгендерден – 8;
Россиядан келген курсанттардан - 2.
Муну менен республика боюнча жалпы 1530 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 28 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 1043 адамга жетти.
Илдетке чалдыккандардын он экиси медициналык кызматкер.
Алар: Бишкек шаарында – 5, Ош облусунда – 7 медиктен илдет табылган. Ал эми стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн