Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 01:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

27 миң доллар берем деп качып кеткен жаран кармалды

04.03.2021 20:06
755
27 миң доллар берем деп качып кеткен жаран кармалды

 Lexus 570 үлгүсүндөгү унаа үчүн акча төлөп берем деп убада берип,  алдап качып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.


Маалым болгондой, 39 жаштагы жаран 27 миң доллар турган Lexus 570 автоунаасын сатып алуу үчүн 2020-жылдын 20-сентябрына чейин төлөп берүүгө убада берип, бирок дайынсыз болуп кеткен. Ал кармалып, борбордун Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Факт Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын бирдиктүү реестринин каттоосунан өтүп, КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси «Алдамчылык» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Тергөө иштери уланууда

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн