Учурда Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар майдалап жаап жатат. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Ошондой эле Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда да кар жаап, атайын жол тазалоочу техникалар жолду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө.
Жолдор ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүп жатат.
Аталган иштер "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын Жол тейлөө ишканалары тарабынан күнү-түнү аткарылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн