Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 128 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-августтагы брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында - 18
- Ош шаарында – 3
- Чүй облусунда – 12
- Ош облусунда - 14
- Талас облусунда - 6
- Нарын облусунда – 3
- Ысык-Көл облусунда – 24
- Жалал-Абад облусунда – 27
- Баткен облусунда - 21
Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдардын жалпы саны 43587ни түздү.
Ал эми бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 234 адамды түздү. Айыгып чыккандардын жалпы саны 37 миң 726 учурду түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн