28-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 74 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаары – 11;
Чүй облусу - 1;
Ош шаары – 35;
Ош облусу - 4;
Нарын облусу - 13;
Россиядан келген курсанттардан - 10.
Муну менен республика боюнча жалпы 1594 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 23 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 1066 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн