Бейшемби, 29-февралда Бишкектин үч конушунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 29-февралда саат 09:00дөн 20:00гө чейин Ак-Жар, Ак-Бата, Келечек конуштарындагы турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объектилеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Ичүүчү суу «Ак-Жар», «Ак-Бата» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.
Бишкек мэриясы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн