Өзбекстандын Андижан облусунда 3 айлык баласын 700 долларга сатууга аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу өзбек басылмалары билдирди.
Маалыматка ылайык, Избоскан районундагы Г. (аял) жана О.(эркек) өздүгү белгисиз 3 айлык баласын сатууга аракет кылган. Алар наристени Анжияндагы Дарыятранска жакын жердеги "эки кардарга" 700 долларга беришкен.
Жарандар укук коргоо органдары тарабынан кармалып О. аттуу жаран 5 жылга эркинен ажыратылып, ымыркайдын энеси жана аларга көмөкчү болгон жаран шарттуу түрдө кесилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн