Теке 01, 2024
Убакыт: 14:36
USD
86.10
87.00
EUR
92.30
93.30
RUB
0.975
1.030

№3 бейтапкананын башкы дарыгери коронавирустан көз жумду

02.05.2020 14:58
1429
№3 бейтапкананын башкы дарыгери коронавирустан көз жумду


Бишкек шаарындагы №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу VB.KG басылмасы ишеничтүү булактарына таянып жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, Кокумбаева Жүзүм Асановна 1-май күнү саат 21:00дө Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында каза болгон. Жүзүм Кокумбаева менен бирге баласы да илдетти жуктуруп алган, ал жандандыруу бөлүмүнөн жаңы эле чыкканы айтылат.

 

Ал эми №3 бейтапканадан жалпы 13 ак халатчан илдетти жуктуруп алганы кабарлаган.


Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги 8 дарыгер илдетти жуктурганын, алардын экөөсү жандандыруу бөлүмүндө жатканын айткан болчу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн