3-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 506 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 230;
Чүй облусу - 151;
Ош шаарында - 36;
Ош облусу - 14;
Нарын облусу - 9;
Жалал-Абад облусу - 21;
Ысык-Көл облусу - 25;
Талас облусунда - 1;
Баткен облусу - 19.
Муну менен республика боюнча жалпы 6 767 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 125 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 2 655 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн