Баш оона 21, 2025
Убакыт: 20:22
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

3-июлда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

01.07.2025 15:23
103
3-июлда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт


3-июлда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.


Муниципалитеттен билдиришкендей, 3-июлда саат 10:00дөн 18:00гө чейин Алыкулов көчөсү - Л.Толстой көчөсү - П.Лумумбы көчөсү - Мурман көчөсү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат.


Суу Чайковский көчөсүндөгү диаметри 400 мм болгон суу түтүгүндөгү аварияны жоюуга байланыштуу токтотулмакчы.


Бишкек мэриясы  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн