3-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 26 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаары – 16;
Ош облусунда – 1;
Жалал-Абад облусунда - 1;
Баткен облусунда - 1;
Нарын облусу - 7.
Муну менен республика боюнча жалпы 1871 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 46 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 1265 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн