Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

3 миллион сомдон ашык акчага алдаган жаран кармалды

3 миллион сомдон ашык акчага алдаган жаран кармалды

Ири алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады. 


Белгилүү болгондой, шектүүмарт айында Ысык-Көл облусунун тургунунан 38,2 тонна кум шекерин 2,5 миллион сомго баалап, акчасын кийин берүүнү убадалаган. Бирок жаран ошол бойдон изин сууткан. 


Жабырлануучу 12-апрелде милицияга арыз менен кайрылган. Мындан сырткары, дагы бир жаран шектүүнүн үстүнөн арыз жазган. Ал 600 миң сомго зыян тартканын билдирген. 

Жазылган арыздардын негизинде иш КЖБРне катталган. 


Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган К.Н. аттуу жаранды кармап, тергөө абагына киргизген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн