Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 99 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 3-сентябрдагы брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаары - 17
- Ош шаарында – 2
- Чүй облусунда – 3
- Ош облусунда - 11
- Талас облусунда - 6
- Нарын облусунда – 4
- Ысык-Көл облусунда – 16
- Жалал-Абад облусунда – 20
- Баткен облусунда - 20
Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдардын жалпы саны 44135ти түздү.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 279 адамды түздү. Айыгып чыккан адамдардын жалпы саны 39 174.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн