Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:56
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

3 жылдан кийин насвайды сатууга, өндүрүүгө тыюу салынат

01.12.2021 13:34
668
3 жылдан кийин насвайды сатууга, өндүрүүгө тыюу салынат

Кыргызстанда үч жылдан кийин насвайды өндүрүүгө, сатууга жана ташууга тыюу салынат. Бул тууралуу  Айылдык ден соолук комитеттеринин координатору Рахатбек Мамыткожоев маалымат жыйынында билдирди.


Анын айтымында, насвайдын курамында никотин болгондуктан, ал дагы тамекидей зыян.


“Чегүүчү чылымдарга IQOS, вейп, кадимки тамеки, кальян кирсе, чайноочуга насвай кирет. Азыр чегүүчү чылымдардан башкасын, насвайды эсепке алганда, алып кирүүгө тыюу салынган. Насвайга үч жыл убакыт берди. Анткени Баткендеги өндүрүүчүлөр бул аралыкта насвайды башка айыл чарба продукциясына өзгөртүшү керек. Үч жылдан кийин, 36 айдан тарта насвайды өндүрүүгө, сатууга жана ташууга тыюу салынат”, - дейт ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн