30-апрелге карата коменданттык сааттын талаптарын бузган 110 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигнин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, эрежени бузгандар Бишкек шаарында көп катталган. Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда тартип бузулар катталган эмес.
Алардын ичинен:
Бишкек шаары – 82;
Ош шаары – 13;
Жалал-Абад шаары – 2;
Сузак району – 8;
Нарын шаары – 4;
Ат-Башы
району – 1.
Коменданттык саат кирген 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө
аймагында 3837 жаран кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн