Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

30-август: Сутка ичинде 152 адамдан COVID-19 катталып, алты бейтап каза болду

30-август: Сутка ичинде 152 адамдан COVID-19 катталып, алты бейтап каза болду


30-августка карата коронавирус дагы 152 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 67, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 19, Талас облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 43, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 12 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 300 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча алты бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 132 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 226 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 889 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 169 миң 417 киши айыгып чыкса, 2 миң 524 адам каза болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн