Бугу 05, 2024
Убакыт: 16:33
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

30-июль - Улуттук аза күтүү күнүндө мамлекеттик туулар ылдый түшүрүлүп, оюн-зоок иш-чаралары токтотулат

28.07.2020 08:35
961
30-июль - Улуттук аза күтүү күнүндө мамлекеттик туулар ылдый түшүрүлүп, оюн-зоок иш-чаралары токтотулат


Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргызстанда 2020-жылдын 30-июлун Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду, деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.

2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирус инфекциясынын (мындан ары — коронавирус инфекциясы) жайылышын пандемия деп жарыялады.

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жайыла баштаган учурдан тартып көптөгөн мекендештер илдеттен каза тапты. Бул Кыргызстандын эли үчүн оор жоготуу болду.

Каза болгондорго аза күтүү менен, алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылынат:

Коронавирус инфекция пандемиясынан каза тапкан жарандарды эскерүү үчүн өлкөдө 2020-жылдын 30-июлу Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланат.

Аза күтүү күнүндө зарыл иш-чаралар жүзөгө ашырылып, анын ичинде Кыргызстандын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргызстандын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлөт.

Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталат.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн