Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 04:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Зыян 30 млн сом: Мамлекеттик сатып алууда мыйзам бузуу фактысы аныкталды

23.10.2020 11:08
445
Зыян 30 млн сом: Мамлекеттик сатып алууда мыйзам бузуу фактысы аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан мамлекеттик сатып алууларды тийиштүү тендер өткөрбөстөн жүргүзүп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 2011-2018-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын жогорку кызмат адамдары жоопкерчилиги чектелген коомдордун (ЖЧК) биринин өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүп алып, лифт агрегаттарын даярдоо, жылуулук жана электр энергиясын эсептөө приборлорун техникалык тейлөө жана текшерүү боюнча кызматтарды сатып алууну жана ошондой эле  ысык жана муздак сууну  сынаксыз жана тийиштүү тендерсиз, ишке ашырышканы аныкталды.


Алдын ала эсептөөлөр боюнча, муниципалитетке 30 миллион сомго жакын зыян келтирген. Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн