Бугу 06, 2024
Убакыт: 12:18
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

30 жылда жакшысын дагы, жаманын дагы өзүбүз жасадык

16.02.2021 16:56
1515
30 жылда жакшысын дагы, жаманын дагы өзүбүз жасадык

Отуруп алып өзүбүзгө өзүбүз башыбыздан ылдай чылаа куя берүү негизи натуура... Быйыл Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет болгонуна 30 жыл толуп жатат, билгенге зор марааке, маани-мазмууну терең, билбегенге айтсаң да түшүнбөйт... Өткөн 30 жыл бул биздин жашоо, биздин өмүр, биздин иш, биздин тажырыйба, биздин тарых ... анын ичиндеги жакшысын дагы, жаманын дагы өзүбүз жасадык...


Жаман иштерди өз колубуз менен жасабасак дагы ошол жасагандарды колдодук, кол чаптык, көкөлөтө мактадык, жабыла барып шайлоолордо добуш бердик... Иштердин жаманына дагы жакшысына дагы ар бирибиздин тиешебиз бар, муну эч ким тана алабайт. Ошондуктан "кокуй эле кокуй, талкаланып калды, таланып калды..." - деп бетибизди тытып, чачыбызды жула бербей, соңку 30 жылдагы жаңы тарыхыбыздагы жакшы иштерди жакшы деп, жаманы болсо аны айтып, себептерин тактап, мындан ары кайра-кайра кайталабагандай болуп маани-мазмун чыгарып, сабак алганыбыз, өлкөбүз мындан ары туура жолго түшүүсүнө аракет кылганыбыз оң го дейм...


Эмилбек Каптагаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн