300 кг салмактагы эркек кишини ооруканага кантип жеткирсе болот? Ал үчүн кран, атайын контейнер, үйдүн фасады үчүн арматуралар жана болжол менен 50 куткаруучу, өрт өчүргүчтөр жана медиктер талап кылынат.
Франциянын Перпиньян шаарында 52 жаштагы Ален Панабиерди үйүнөн алып чыгуу боюнча чыныгы атайын операция жүргүзүлдү. Бир жыл мурун ал бутун сындырып алган, бирок ашыкча салмагына байланыштуу өзү, албетте, ооруканага жете алган эмес. Ал ар кандай чиновниктерден жардам сурады, эми мэрия маселени чечүү жолун тапты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн