Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

300 орундуу учакта эмнеге 221 эле адам келгенин Түркиядагы элчилик түшүндүрдү

20.04.2020 18:40
983
300 орундуу учакта эмнеге 221 эле адам келгенин Түркиядагы элчилик түшүндүрдү


Түркиядан чартердик каттамда эмнеге 221 эле адам учуп келгенине элчи жооп берди. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Кыргызстандын Элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, өлкөгө кайтууну көздөгөн кыргыз жарандары март айынын башында тизмекке алынып баштаган. Алгач Анталиядан 197 кыргызстандык жөнөтүлгөн, себеби аталган шаардан мекенине кайтууга көп адам катталган. Ал эми 16-апрелге бир күн калганда 422 адам тизмекке турган. Алардын 150сү Стамбулда, 106сы Анкара шаарында  болгон.


Ошондой эле аталган эки шаарда кетүүнү көксөгөн дагы кыркка жакын адам активисттер тарабынан катталып, бирок учак учаарга жакын кетпей калганын айтышкан. Мындан улам 221 гана адам учуп келени айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн