Афганистанда "Талибан" кыймылы Бадахшан аймагында өкмөттүн көзөмөлүндө турган аймакты басып алды. Бул тууралуу тажик басылмалары билдирди.
Белгилүү болгондой, 3-июлда талибандардын кол салуусунан качып, жанын куткарган 300дөн ашуун афган армиясынын аскерлери Тажикстандын аймагына кирип келген.
"Тажикстан Республикасынын чек арачылары гуманизм жана жакшы кошуналык принциптерине таянып, чегинип бараткан афган аскер кызматкерлеринин Тажикстан Республикасынын аймагына өтүшүнө уруксат берген",- деп жазылат тажик УКМКсынын маалыматында.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн