Бугу 12, 2024
Убакыт: 19:51
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

30дан ашык элиталык батири бар Бажы кызматкери 74 млн сом төлөп, үй камагына чыкты

07.07.2021 15:46
788
30дан ашык элиталык батири бар Бажы кызматкери  74 млн сом төлөп, үй камагына чыкты

Бишкек шаардык сотунун 1-июлда чыгарган чечимина ылайык, “мыйзамсыз баюуга” шектелген Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматовдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекеттик чыгым катары аныкталган 100 млн. сомдун 74 млн. 517 миңин төлөп берген.


Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 12-июнда карап, 10-августка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында калтырган.


УКМК Нурбек Айтмаматовду 10-июнда камакка алып, ага “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып койгон. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал "бажыда товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды колдонуп, товарлардын жалган транзитин уюштуруп, көмүскө киреше алып турган".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн