Бишкектеги №61 Е.Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин директору Юрий Низовский кармалды. Бул тууралуу "Кактус.медиа" редакциясы күч структураларындагы булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, мектеп директору мыйзамсыз баюу боюнча айыпталууда. Анын 30-40 кыймылсыз мүлкү бар экени айтылып, аларга карата текшерүү жүрүүдө.
Мектеп директорлорунун иш бөлмөсүнө мөөр басылып, кирүүгө тыюу салынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн