Башкы прокуратура 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча кызматындагы кемчиликтери үчүн отуздан ашуун прокурор жазага тартылганын билдирди. Тиешелүү буйрукка башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кол койгон.
Ага ылайык, республика боюнча 24 прокурорго сөгүш берилип, 11 кызматкер эскертүү алган. “Ош, Бишкек шаарындагы 24 прокурорго сөгүш берилип, 11 кызматкер эскертүү алды. Чүй облусундагы Жайыл районунун прокурору кызмат ордунан төмөндөтүлдү", - деп айтылат Башкы прокуратура тараткан маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн