Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 78 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан маалымдашты.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында - 18
- Ош шаарында – 1
- Чүй облусунда – 10
- Ош облусунда – 6
- Талас облусунда - 2
- Нарын облусунда – 4
- Ысык-Көл облусунда – 14
- Жалал-Абад облусунда – 11
- Баткен облусунда - 12
Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдардын жалпы саны 43898ди түздү.
Ал эми өлкө боюнча жалпы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 261 адамды түздү. Айыгып чыккандардын жалпы саны 38 миң 492 учурду түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн