Бүгүн, 14-майда Түркияда парламенттик жана президенттик шайлоо өттү.
Жергиликтүү саат боюнча 17:00дө бардык добуш берүү участкалары жабылды.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары улам жаңыланууда.
Акыркы маалыматтарга караганда, добуштардын 31,49%ы эсептелген.
Анын жыйынтыгында учурдагы президент Режеп Тайип Эрдоган 53,62%, Эрдогандын башкы атаандашы оппозициячыл Кемал Кылычдароглу 40,42% жана Синан Оган 5,40% добуш топтогон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн