Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 01:13
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

31-июль: COVID-19 менен пневмониянын 662 учуру катталып, 1250 бейтап айыкты

31.07.2020 11:30
1216
31-июль: COVID-19 менен пневмониянын 662 учуру катталып, 1250 бейтап айыкты


Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 662 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.


Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын 146, пневмониянын 516 учуру катталды.


Жаңы учурлар: 


Бишкек - 221
Ош – 52
Чүй облусу – 42
Ош облусу - 81
Талас облусу – 22
Нарын облусу – 13
Ысык-Көл облусу – 82
Жалал-Абад облусу – 102
Баткен облусу - 47


Бардыгы болуп илдет башталгандан бери жалпы 35 805 учур катталды.


Бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча коронавирустан жалпы 1250 жаран айыгып чыкты. Муну менен өлкө боюнча коронавирус илдетинен жалпы 25 526 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн