Бишкек шаарында коменданттык сааттын эрежелерин бузган 137 адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары, борбор калаанын комендантты Алмазбек Орозалиев маалымат жыйында билдирди.
Ага ылайык, 137 тартип бузган жарандын, он сегизи аял, 116сы эркек киши жана 3 өспүрүм. Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 876 адам кармалган.
Мындан сырткары, электрондук уруксат берүү системасы иштей баштаганын айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн