31-мартка карата өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн