Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:03
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

31-январдан тарта Бишкектеги 13 мектеп салттуу окутуу режимине өтөт

28.01.2022 13:43
970
31-январдан тарта Бишкектеги 13 мектеп салттуу окутуу режимине өтөт

Бишкекте дүйшөмбү, 31-январдан тарта, 13 мектеп кадимки тартипте иштей баштайт. Бул тууралуу мэрия билдирди.


Учурда балдар менен мугалимдердин коопсуздугу үчүн 23 мектеп убактылуу онлайн форматта иш алып барууда. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун көрсөтмөсү менен №135, 148, 61 бала бакчалар жабылган.


"Келерки жумадан тарта №17, 26, 88, 62, 6, 18, 4, 11, 12, 30, 32, 33 жана 38 мектептер кадимки тартипте иштей баштайт", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия жарандарды бет кап тагууга, антисептик колдонуп, аралыкты сактоого жана эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн