Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

31 жаштагы Сталбек уулу Нарын шаарына мэр болуп шайланды

22.10.2021 12:21
778
31 жаштагы Сталбек уулу Нарын шаарына мэр болуп шайланды

Бүгүн, 22-октябрда, Нарын шаардык кеңешинин VII сессиясында Нарын шаарынын мэрин шайлоо каралды, - деп билдирет Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын мэри кызматына Арслан Сталбек уулу жана Эмилбек Чымылдаков талапкерлигин коюшуп, сессияда өз программаларын тааныштырышты.


Сессияга 31 депутат катышып, жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Арслан Сталбек уулу 16, ал эми Эмилбек Чымылдаковго 14 депутат өз добуштарын беришти. Бир депутат 2 талапкерге каршы добушун берген.


Арслан Сталбек уулу 1990-жылы 2-апрелде Нарын шаарында туулган. 2008-2013-жылдары «Ала-Тоо» эл аралык университетинен билим алып, каржы жана насыя, банк иштери адистигине ээ болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн